Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кабыл алуу кампаниясынын бешинчи жана акыркы туру башталды. Бул тууралуу «Абитуриент online» автоматташтырылган системасы билдирди.

Абитуриенттерди каттоо 12-август күнү саат 14:00гө чейин уланат. Алгачкы төрт турдун жыйынтыгы боюнча 75 300дөн ашык электрондук талон каттоого алынып, 50 900 абитуриент окууга сунушталган.

Кабыл алуу көрсөткүчтөрү

75,3 миңкатталган электрондук талон
50,9 миңокууга сунушталган
66 миңпландалган студенттер
9,5 миңгранттык орун
56 миңкелишимдик негиздеги орун

Окуу жайлар өнөктүктүн алкагында негизги кесиптер катарында педагогика, гуманитардык илимдер, экономика жана финансы, медицина, маалымат технологиялары (IT), ошондой эле юриспруденция багыттарын белгилеп жатышат.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы колледждерде да кабыл алуу өнөктүгүнүн акыркы турун баштады. Аталган жерлерде абитуриенттер үчүн босого балл төмөндөтүлгөн.