Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын тактоо иштери аяктагандан кийин өлкөнүн аймагы 15 572 гектарга көбөйгөнүн президент Садыр Жапаров билдирди. Бул тууралуу ал коомчулукта жайылып жаткан жер маселесине байланыштуу өз кайрылуусунда белгиледи.
2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аймагы 199,9 миң чарчы километр, же 19 млн 994 миң гектарга барабар болгон. Чек араларды делимитация жана демаркациялоо иштеринин жыйынтыгында бул көрсөткүч 20 млн 9 миң 572 гектарга жетти.
Өлкөнүн аймагынын 94,4%ы тоо-таштуу аймактардан турат. Андан тышкары, айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 6 млн 732 миң гектарды түзөт, анын ичинен 1 млн 82 миң гектары жеке менчикке таандык жана айыл чарбада активдүү колдонулууда.
Жалпы 18 млн 698 миң гектар жер ар кандай максатта мамлекеттик жана муниципалдык менчиликке кирет. Алардын ичинен 18 млн 639 миң гектары мамлекетке караштуу, 59 миң гектары муниципалитет менчигинде.
Инвестициялык долбоорлор үчүн мыйзам чегинде 1992-жылдан берки бөлүнгөн жерлердин аянты Кыргызстан аймагынын 0,1%дан азын түзөт. Президент бул көрсөткүч өлкөнүн жалпы аймагынан бир пайыздан азыраак экенин баса белгиледи.



