Кыргызстандын Түндүк жана Түштүк аймактарында жаан-чачын көп болушу күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин синоптиктери Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жамгыр же кардын көлөмү нормадан жогору болорун айтышты. Иссык-Көл жана Нарын аймактарында болсо аба ырайы климаттык көрсөткүчтөргө жакын болот.

Температуранын өзгөрүшү

Ай бою өлкө боюнча орточо температура климаттык нормадан 1–1,5 градуска жогору болоюн деп жатат. Бирок айрым жерлерде катуу сууктар да күтүлүүдө.

1–1,5градус
+17градуска чейин (кээ бир жерде)
-29градуска чейин (Нарын)

Облустар боюнча кенен маалымат

Чүй облусунда күндүзгү температура +3...+11 градусту түзөт, ал эми кээ бир күндөрү +12...+17 градуска чейин жылышы мүмкүн. Түнкүсүн суук -10... +4 градуска чейин түшүп, айрым учурларда -16 градуска чейин согушу ыктымал.

Талас облусунда күндүзү +2...+9 градусту түзөт. Түнкүсүн -7...-12 градусту түзүп, кээ бир учурларда -18 градуска чейин согушу мүмкүн.

Түштүк аймактарында, атап айтканда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзү аба ырайы +5...+11 градуска чейин жылышы, айрым күндөрү болсо +17 градуска чейин жетүүсү күтүлөт. Түнкүсүн температура -6...-11 градусту түзөт.

Иссык-Көл котловинасында күндүзү -1... +9 градусту түзөт. Түштүк-чыгыш райондорунда түнкүсүн -16 градуска чейин согушу ыктымал.

Нарын облусунда эң катуу сууктар күтүлүүдө. Күндүзү температура -6...-11 градусту түзсө, түнкүсүн -14...-19 градуска чейин түшөт. Өзгөчө Ат-Башы районунда түнкүсүн -24...-29 градуска чейин согушу мүмкүн.

Облустар боюнча болжол
Каракол
  • Нарынская
  • Каракол

geoBoundaries, © OpenStreetMap