Кыргызстанда акыркы жылдары экономика, айыл чарба жана туризм сыяктуу тармактардын көрсөткүчтөрү өсүп жатат. Айрыкча курулуш тармагындагы иштер мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла ылдамдыктар менен жүрүүдө.

Өлкөгө аба, авто жана темир жол аркылуу келген чет элдик меймандар үчүн аэропорттордун жана жолдордун абалы биринчи кезекте байкалат. Соңку жылдарда аэропортторду реконструкциялоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Курулуш тармагында көптөгөн жаңы объекттер курулуп, бул тармактын өнүгүшү экономиканы жандантып жатат. Бишкек шаарында көзгө көрүнгөн масштабдуу курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда өткөн площадкаларда Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринин жетекчилери өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу пикир билдиришти. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү инвестициялык программалардын аткарылышын ийгилик катары баалады.

Кыргызстанда инвестициялык программалар жүзөгө ашырылууда. Бул өлкөнүн ийгилиги деп эсептейбиз.