Кыргызстандын энергетика тармагында орнотулган жабдуулардын көпчүлүгү эскирген. Министрдин маалыматына ылайык, 60-70% техникалык каражаттар нормадан дээрлик эки эсеге узак колдонулуп жатат.

Мисалы, силовой трансформаторлордун иштөө мөөнөтү болжол менен 25 жыл деп белгиленген, ал эми өлкөдө айрым трансформаторлор 45 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатат.

Алтынбек Рысбеков белгилегендей, эскирген жабдууларды жөндөө жана анык мөөнөтүн узартып колдонуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Бир нече жыл мурун бул көрсөткүч 70-80% жеткен, жана жөндөө иштери өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Ар жылы энергетика тармагында техикаларды жаңылоого аракеттер көрүлүп келет. Бул аралыкта 2023-жылдын 17-июлюнда Бишкек-Г лавная жана Г лавная-Шу сыяктуу эки 220 киловольттук линиянын авариялык өчүрүлүшүнөн улам системде массалык бузулуулар болгон.

Мындай кырдаал системанын автоматтык жүктү өчүрүү механизминин иштөөсүнө себепчи болгон. Бул окуя энергетика тармагындагы жабдуулардын абалын жакшыртуу зарылдыгын дагы бир жолу ырастоодо.