«Кыргызстандын ЭТТ» ААКсынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Фонддук биржасынын билдирүүсүнө ылайык, 16-ноябрда компаниянын Директорлор кеңеши башкы директордун биринчи орун басары Шамиль Нурбекович Матаевтин кызматтан кетүүсү жөнүндө чечим кабыл алган.
КФБнын маалыматы боюнча, Матаевтин ыйгарым укуктары тез арада токтотулган. Анын ордуна Бакыт Жолдубаевич Жолдошбеков дайындалды.
Кадр чечими

Жолдошбеков Бакыт Жолдубаевич
Нарын электр тармактары ишканасынын башкы инженери
Буга чейин Бакыт Жолдошбеков Нарын электр тармактары ишканасынын башкы инженери кызматын ээлеген.








