Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын жаратылышты сактоо тармагындагы ийгиликтерин белгиледи. Кар кабыландын популяциясын калыбына келтирүүгө багытталган аракеттер экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча глобалдык прогресс тууралуу баяндамада жазылган ийгиликтүү жаратылышты коргоо демилгелеринин мисалдарынын катарына кирди. Баяндама Ереванда Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конференцияда (КС-17) тапшырылды.

Глобалдык жаратылышты коргоо иштеринин көлөмү

Баяндаманын маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 149 өлкөсүндө 252 млн гектар экосистеманы калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул ушундай ишмердүүлүктүн эң чоң документтештирилген көлөмү катары жарыяланды. Жалпысынан Азияга калыбына келтирилип жаткан экосистемалардын 192,2 млн гасы туура келет. Ошол эле учурда калыбына келтирилип жаткан аймактардын эң чоң аянттары Кытайда — 127,4 млн га белгиленген. Дүйнөлүк масштабда калыбына келтирилип жаткан экосистемалардын бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй: Азия — 192,2 млн га, Африка — 36,3 млн га, ал эми Европа — 9,1 млн га.

149дүйнө өлкөсү
252млн га экосистема
127,4млн га (Кытай)
192,2млн га (Азия)
36,3млн га (Африка)
9,1млн га (Европа)

Кыйынчылыктар жана иштин багыттары

БУУнун эксперттери 2030-жылга чейин глобалдык максаттарга жетүү үчүн жаратылышты коргоо иштеринин темптерин олуттуу тездетүү жана жылдык каржылоонун көлөмүн көбөйтүү өтө маанилүү экенин баса белгилешет. Кургактык экосистемалары суу экосистемаларына караганда тезирээк калыбына келип, глобалдык максатка жетүү жолунун дээрлик жарымын басып өткөнү белгиленет. Бирок эң көп деградацияга учураган деп эсептелген тузсуз суу, деңиз жана жээк экосистемалары анча тез эмес калыбына келүүдө.