Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнамдын курама командасына каршы достук матч өткөрөт. Кыргыз футбол бирикмесинин (КФБ) билдирүүсүнө караганда, каршылашуу Намдин шаарында болот. Оюн Бишкек убасы менен саат 18:00гө пландаштырылган.

Бул жолугушуу ФИФАнын ноябрь айындагы эл аралык терезесинин алкагында өтүүдө. Мындай матчтар улуттук команданы алдыдагы расмий мелдеңдерге даярдоо максатында өткөрүлөт.

Буга чейин, 14-ноябрда, кыргызстандыктар дагы бир достук жолугушуу өткөрүп, Кытай Тайбэйдин курама командасын 3:0 эсе менен жеңишкен.

Тартыштын түз трансляциясын «Кыргыз Спорт ТВ», «УТРК Спорт», «7 канал» жана «ЭЛТР» телеканалдарынан көрүүгө болот.