Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жети айында өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү 525,3 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин биринчи орун басары Назира Керималиева билдирген.

Өсүш негизинен тамак-аш жана тытын продуктуларын, негизги металлдарды, фармацевтикалык продукцияны, курулуш материалдарын жана полиграфия ишканаларын өндүрүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болду.

2026-жылдын январь-июлундагы көлөмдөр

525,3 млрд сомөнөр жай продукциясы
215,4 млрд сомАйыл чарба, балык чарбасы жана токой
245,1 млрд сомКурулуш
1 трлн 149,6 млрд сомСоода айланмасы