30-октябрда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайга келди. Бул иш-чара Түрк мамлекеттеринин уюмунун 13-саммитине катышууга арналган.

Президенттик администрациянын билдирүүсү боюнча, саммиттин алдында Уюмга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды. Расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен фотосессиядан кийин катышуучулар саммит өткөрүлө турган залга өтүштү.

Ранее по темеТүркиядагы ТҮУ саммитинде Айгүл Жапарованын образы көңүл бурдурду