Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 22-23-октябрь күндөрү Батуми шаарына сапар тартып, Борбор Азия өлкөлөрү жана Грузиянын ИИМ министрлеринин жолугушуусуна катышат. Бул маалыматты «Кабар» агенттиги билдирген.
Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында тараптардын өкмөттөрү аймактык жана эл аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикирин алмашышат. Ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы саясий, сооматтык-экономикалык жана транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн перспективалары да талкууга алынат.











