Кыргызстанга сезондук гриппке каршы кошумча 100 миң доза вакцина жеткирилиши күтүлүүдө. КР Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, бул тобокелдик деңгээли жогору топторго артыкчылыктуу көңүл буруп, пландалган иммунизацияны улантууга мүмкүндүк берет.
Буга чейин ведомство мурунку сатып алуулардан алынган препараттардын эсебинен калктын максаттуу топторун вакциналоону аяктаган. Буга чейин берилген бардык дозалардын көлөмү толугу менен бөлүштүрүлгөн.
Мамлекеттик программалардан тышкары, жарандар акы төлөө негизинде вакцинациядан өтө алышат. Бишкек шаарында бул кызматты 12 жеке медициналык мекеме көрсөтөт.
- Кроха
- Малыш
- ЦАДМИР
- Поликлиника-312
- Интермедикал
- Комфорт Медик
- Эдельвейс
- Клиника 21
- Авиценна
- Чипенко
- Мама Доктор
- Аллерго Эксперт
Жеке сектордо препараттын бир дозасынын баасы мекеменин түрүнө жараша өзгөрөт.
450–1 100 сом бир дозанын баасы
жеке клиникалардагы вакцинациянын баасы






