Кытайдын Хайнань аралындагы коммерциялык космодромдон 16-августта саат 12:10дө «Чанчжэн-12» (Великий поход-12) ракетасы аркылуу 24-чи топ төмөн орбитадагы интернет-спутниктер учурулду.

Синьхуа агенттигинин маалыматы боюнча, аталган спутниктер пландаштырылган орбиталарына ийгиликтүү жетип, глобалдык интернетти өнүктүрүү максатында пайдаланууга берилди.

Бул учуруп чыгаруу Кытай тарабынан космоско чыгарылган төмөн орбитадагы интернет-спутникттердин 24-чи тобу болуп саналат.