Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн жаңы үлгүсүндөгү оңдоо иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жатат.
500 метр узундуктагы участок Мукумий көчөсүнөн «Достук» айланма жолуна чейин созулат жана учурда коммуникациялык тармактардын айландыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдун негизин даярдоо иштери жигердүү жүрүп, андан кийин жаңы асфальт төшөлүп, жол четиндеги бордюрлар жана тротуарлар курулат.
Мэриядан билдиргендей, кошумча ирригациялык лотоктор орнотулуп, аймак жашылдандырылат.
Иш-чаралар эки сменада жүргүзүлүп, проектинин бүткөрүлүшү октябрь айында күтүлүүдө.






