Инфраструктураны модернизациялоо
«Манас» эл аралык аэропортунда транспорттук инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо иштери улантылууда. «Кыргызстандын аэропорттору» ААК билдиргендей, реконструкциялоо долбоорунун алкагында аэровокзал комплексине жетүүчү жаңы кирүүчү жолдун бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Ошондой эле жүргүнчүлөр, таксилер, автобустар жана кызматтык унаалар үчүн жаңы унаа токтотуучу жайлар ачылды.
Жаңы кирүүчү жол курулуп жаткан көп деңгээлдүү паркингдин жанынан өтүп, жаңы унаа токтотуучу жайларга ыңгайлуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
Учурда жүргүнчүлөр үчүн төмөнкү унаа токтотуучу жайлар жеткиликтүү:
- жаңы ачык унаа токтотуучу жайлар;
- кызматтык унаалар үчүн өзүнчө аянтча;
- такси жана автобустар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар.
Негизги кирүүчү магистралдын реконструкциялоо иштери уланып жаткандыгына байланыштуу, учурда автоунаалардын кыймылы Васильев тракты боюнча аэропортко жана шаарга карай жолдун сол тарабында убактылуу жүргүзүлүүдө. Бул схема коопсуздукту жана курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында уюштурулган.
Долбоордун кийинки этаптары
Долбоордун кийинки этабында заманбап беш кабаттуу жабык паркинг ишке киргизилет, анда учурда курулуш жана инженердик иштер аяктап жатат.
Ошол эле учурда паркингди аэровокзал комплекси менен байланыштыра турган жабык жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу улантылууда. Иштер аяктагандан кийин жүргүнчүлөр паркинг имаратынан түз терминалга сыртка чыкпай эле өтө алышат, бул ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.


