«Манас» эл аралык аэропорту масштабдуу реконструкциялоону аяктап жатат. «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун билдирүүсүнчө, жаңыланган аэровокзалдык комплексти Жаңы жыл келгенге чейин толугу менен пайдаланууга берүү пландалууда.

20 000 чарчы м. аянтынын көбөйүшү

Реконструкциянын натыйжасында аэровокзал имаратынын жалпы аянты кыйла кеңейди.

Модернизациялоо инфраструктураны гана эмес, технологиялык жабдууларды да камтыды. Аэропортто жабдуулар жаңыланып, жүргүнчүлөргө тейлөө технологиялары алмаштырылды жана коопсуздук системалары күчөтүлдү. Жакын арада стерилдүү зонаны ачуу жана франшиза боюнча иштеген соода түйүндөрүн ишке киргизүү пландалууда.

Реконструкция жүргүзүлгөн үч жыл ичинде аэропорт бир мүнөт да жабылган жок. Биз бардык рейстерди кабыл алып, жүргүнчүлөргө жана авиакомпанияларга тейлөө көрсөтүүнү уланттык. Иштерди этап-этабы менен, зоналар боюнча жүргүзүүгө туура келди.
Манасбек Самидинов, «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы

Логистикага өзгөчө көңүл бурулду. Интеллектуалдык паркинг системасы ишке киргизилгенден кийин, жетекчилик терминалдын аймагындагы таксилардын жана башка кызматтардын кыймылын көзөмөлдөй алат. Учурда аэропортко баруучу бардык жолдор толугу менен ачык, ал эми жүргүнчүлөргө тейлөө оңдолгон зоналарга которулду.