«Манас» эл аралык аэропортунда заманбап технологиялар менен камсыздалган жаңы муундагы чек ара кабинеттери иштеп баштады. Бул жабдуулар жасалма интеллект, бетти таануу, документтердин аныктыгын текшерүү жана автоматтык түрдө которуу системаларын камтыйт.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдин билдирүүсүнө караганда, жаңы кабинеттер Чек ара кызматы менен биргеликте сатып алынган жана биринчи кезекте «Манас» аэропортунда колдонууга берилди. Учурда ушундай жабдууларды Ош эл аралык аэропортуна орнотуу иштери жүрүп жатат.
Бул заманбап талаптарга жооп берген көп функциялуу кабинеттер. Алардын айланасында байкоочу камералар орнотулган, ошондой эле чек ара контролунун кызматкерлеринин коопсуздугу эске алынган. Мындан тышкары, жасалма интеллекттин негизинде болжол менен 50 тилге чейин которууга мүмкүндүк берген система каралган.
Жаңы кабинеттерде документтердин жасалма эмес экендигин текшерүүчү атайын жабдыктар, бетти таануу жана манжа издерин сканерлөө системалары орнотулган. Ошондой эле кызматкерлердин атайын мөөрлөрүн жана жабдыктарын сактоочу жайлары каралган.
Мурда аэропортто жөнөкөй түзүлүштөгү контролдоо кабинеттери колдонулуп келсе, жаңы жабдуулар чек ара контролунун коопсуздугун күчөтүүгө жана кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган.










