Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач районуна жаңы заманбап мектеп салынып жатат. Министрликтин маалыматына караганда, бул мектеп 750 окуучу үчүн ылайыкташылган.

Курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган жана учурда үч кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүрүүдө.

Мектептин жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт. Ички бөлмөлөрдө заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана жана азык сактоочу жай, компьютер класстары, акт залы, эмгек сабагы үчүн кабинеттер жана заманбап спорт залы жайгаштырылат.

Курулуштун сапаты жана ар бир этаптын аткарылышы курулуш министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан катуу көзөмөлгө алынууда.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында жалпы 20 жаңы билим берүү уюму салынууда, алардын катарында Кара-Жыгачтагы мектеп да бар.