MBANK 31-июлдан 3-августка чейин техникалык жаңыртуу иштерин жүргүзөт. Бул убакытта банктын көптөгөн кызматтары убактылуу иштебейт.

  • 30-июлдан бери карыздарды гана эрте төлөө жана жаңы кредиттерге арыз берүү токтотулду.
  • 31-июлдан 3-августка чейин жаңы карталарды чыгаруу, эсептерди ачуу жана депозиттерди түзүү мүмкүн болбойт.
  • Жаңы колдонуучуларды каттоо, паспорт жана телефон номерин жаңылоо токтотулат.
  • SWIFT которуулары жана кредиттер боюнча пландалган төлөмдөр убактылуу токтойт.
  • МБизнес платформасы толугу менен жеткиликсиз болот.
  • 1-3-августта банктын бардык бөлүмдөрү жабылат.

Айрым кызматтар, мисалы, карталар менен кадимки которуулар, MPay, POS-терминалдар жана QR төлөмдөрү ишин улантат.

Эгерде кредит боюнча төлөм датасы 1-4-августка туура келсе, аны 5-августка чейин кечиктирбестен, пенясыз төлөөгө болот.
MBANK билдирүүсү

MBANK кардарларына 31-июлга чейин бардык маанилүү операцияларын бүтүрүп, айлык, салыктар, кредиттер боюнча төлөмдөрүн жүргүзүп, керектүү документтерин сактап коюу сунушталат.