Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап жаткан банктык системалардын, интернеттин жана байланыштын ишиндеги мүмкүн болгон глобалдык мүчүлүштүктөр жөнүндө маалыматты расмий түрдө четке кагылды. Регулятордун маалыматы боюнча, мындай билдирүүлөрдүн расмий тастыктамасы жок.

Ведомство өлкөнүн финансылык сектору штаттык режимде иштеп жатканын баса белгиледи. Бардык коммерциялык банктар улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошкондо, кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин камсыз кылууда.

Кыргыз Республикасынын банктык системасы туруктуу жана бекем. Улуттук банк кырдаалды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банктык жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле кардарлардын, депозит ээлеринин жана банктын башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
КР Улуттук банкы

Регулятор жарандарды мессенджерлердеги текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана ар кандай маалыматты Улуттук банктын же коммерциялык банктардын расмий ресурстары аркылуу гана текшерүүгө чакырды. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча суроолор жаралган учурда кызмат көрсөтүүчү уюмдарга алардын сайттары, колл-центрлери же социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу түз кайрылуу сунушталат.