Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынын кезинде каза болгон медицина кызметкерлеринин туугандары компенсация алуу үчүн Министрлер Кабинети менен соттошуп жатышат. Бул маселе Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Негизги маселе — өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн шарттарда. Төлөмдөрдү алуу үчүн каза болгон кызматкердин ПЦР-тести оң болушу шарт деп белгиленген. Бирок, кызыл зонада иштеген көптөгөн дарыгерлер ПЦР-тест менен тастыкталган коронавирус эмес, пневмониядан каза болушкан. Депутат Улан Сариевдин айтымында, пневмония — бул COVID-19нын натыйжасы.

Төлөмдөр боюнча учурдагы көрсөткүчтөр

20үй-бүлө соттошууда
15суд тарабынан төлөмдөн баш тартылды
5үй-бүлөгө төлөм жүргүзүлдү
Бул саясий чечим болушу керек. Ошол мезгилде мамлекетке дарыгерлер өтө керек болчу, алар өз милдетин чын дилден аткарышты. Ал эми азыр алардын үй-бүлөлөрү сотторду кыдырып жатышат. Бул нормалдуу эмес. Мамлекет үчүн бул чоң сумма эмес. Саясий чечим кабыл алып, келерки жылдын бюджетине бул төлөмдөрдү киргизип коюңуздар.
Улан Сариев, депутат

Салиев бул маселени чечүү үчүн төлөмдөрдү 2027-жылдын бюджетине каратууну сунуштады. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге карап чыгууга убада берди.

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун маалыматы боюнча, пандемия учурунда Кыргызстанда коронавирус менен 7747 медицина кызматкери жугумал алган.