Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев 26-ноябрда өткөн жыйында медициналык мекемелерге жана мектептерге жасалма интеллектти (ЖИ) киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, учурда дарыгерлер бейтапты карап жаткандан көбүрөөк убакытты документ толтурууга жумшап жатышат. Аны менен бирге, мектептеги мугалимдер дагы календардык жана жылдык пландарды басып чыгарып, кол коюу менен ашыкча иштерге тартылып жатышат.

Депутаттын маалыматы боюнча, дарыгердин бейтапты текшерүүсү 10 мүнөт болсо, документ жазуусу 20 мүнөттү алат. Бул жагдай, өзгөчө грипп жана ОРВИнин көбөйгөн учурда поликлиникалардагы кезектердин узундашына алып келет. Ал бул маселени чечүү үчүн дарыгердин сөзүн реалдуу убакыт режиминде текстке айландыра турган ЖИ системасын орнотууну сунуштады. Маалыматтарды сактоо үчүн серверди Саламаттык сактоо министрлигине берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мугалимдер үйрөтүшү керек, дарыгерлер — дарылоосу керек, ал эми документ толтуруу менен алек болбошу зарыл.
Дастан Бекешев

Ошондой эле, Билим берүү тармагындагы кагаз иштерин толук жокко чыгаруу зарыл экени белгиленди. Мугалимдердин календардык жана жылдык пландарын басып чыгаруу практикасын токтотуу сунушталды.

Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев Кыргызстандын парламенти президенттин администрациясы менен бирге санариптештирүү боюнча дүйнөдөгү эң алгачкы беш парламенттин катарына киргендигин айтты. Ал министрликтердин бул багытта иш алып барып жатканын кошумчалады.