Жогорку Кенештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарында коомдук дааратканалардын жетишсиздиги өтө курч маселеге айланганын айтты. Ал бул кырдаалдын себеби жарандардын маданиятсыздыгында эмес, шаардагы зарыл болгон инфраструктуранын жоктугунда экенин баса белгиледи.
Депутаттын айтымында, шаардын коомдук жерлеринде чет элдик жарандардын жана жергиликтүү тургундардын санитардык нормаларды сактабай, көчөдө заара кылган учурлары видеолор аркылуу далилденген. Бул маселе туристтердин агымы көбөйүп жаткан учурда өзгөчө актуалдуу болуп турат.
Шаардагы көрсөткүчтөр
2GIS маалыматына таянса, 2025-жылы борбордо 156 коомдук даараткана катталган, бирок алардын көбү иштебей жатат. Мындан тышкары, түнкү убакта шаардагы эч бир даараткана иштебегендиктен, маселе дагы да татаалдашууда.
Бул адамдардын маданиятсыздыгын эмес, Бишкекте зарыл болгон инфраструктуранын жоктугун көрсөтөт. 2027-жылы бул маселе мэриянын артыкчылыктуу багыты болушу керек.
Мурда мэрия 26 жаңы коомдук даараткана куруу пландап, 16 жер участогун аныктаганын эске салган депутат, бирок бул маалыматтар азыркы учурда иш жүзүндө ишке ашпай жатканын айтты. Ал Жогорку Кенештин спикеринен бул маселе боюнча муниципалдык бийликке протоколдук тапшырма берүүнү суранды.









![Кен байлыктарды казууга мораторий: Жогорку Кенеште Аламедин районунун тоолорун коргоону сунушту] ,](https://cdn.news.kg/covers/a38b19cc1fd81bf2155227a03c582286.r1.676x453.jpg)


