Күн системасындагы эң кичинекей жана Күнүнө эң жакын планетанын сырларын ачуу үчүн жаңы этап башталды. BepiColombo аппараты сегиз жылдык сапарын аяктап, Меркурийдин орбитасына чыкты. Бул тууралуу Европа Космостук агенттиги (ESA) билдирди.
Аталган миссия Европа жана Жапониянын (JAXA) аэрокосмостук изилдөө агенттиктеринин кызматташтыгы менен ишке ашырылууда. Аппарат 2018-жылы Француз Гвианасынан учурулган болчу.
Планетанын экстремалдуу шарттары изилдөөчүлөр үчүн чоң кызыгууну жаратат. Меркурийдин бетинде температура өтө жогору жана өтө төмөн болуп өзгөрөт:
Азыркы учурда аппараттын иштеп жаткандыгы тууралуу сигнал Жерге жетти. Изилдеп жаткан эки модул 2026-жылдын декабрында бири-биринен бөлүнөт. Ал эми илимий программанын негизги иштери 2027-жылдын апрель айында башталат деп күтүлүүдө.
Алимилердин пикири боюнча, бул долбоор Күн системасынын түзүлүшүн жана планеталардын кантип пайда болгонун түшүнүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
- 2018-жыл
Француз Гвианасынан учурулуу
- 2026-жыл, декабрь
Изилдеүүчү модулдарды бөлүү
- 2027-жыл, апрель
Илимий программанын башталышы





