Националдык энечилик жана балалыкты коргоо борборунун директорунун орун басары, профессор Шайирбек Сулаймановдын айтымында, «Үмүт» программасы 2030-жылга чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүнөн баштап аялдарды ырааттуу көзөмөлдөө жана патологияларды өз убагында табуу.

Иштин алгачкы кадамы катары адистер клиникалык протоколдорду, буйруктарды жана каттоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгууда. Мындан тышкары, аялдардын бардык маалыматтарын сактаган атайын санариптик маалымат базасы түзүлөт.

Система пренаталдык скрининг — бул өлкөбүздө каттоодо турган бардык кош бойлуу аялдардын стандарттуу тейлөөсүн бирдиктүү кылууга мүмкүндүк берген тарыхый учур.
Шайирбек Сулайманов, профессор

Жаңы системанын аркасында аялдар кайсы жерде жашашса да, бирдей текшерүү стандарттарын алышат. Бул эмбриондун өнүгүүсүндөгү тобокелдиктерди жана хромосомалык оорулардын белгилерин алдын ала билүүгө шарт түзөт.