Мезгилинен төрөлгөн балалардын көзүнүн көрүү жөндөмүн толугу менен жоготуп коюшу мүмкүн болгон ретинопатия оорусу тууралуу офтальмолог Зарина Бабаджанова маалымат берди. Бул оору көз торчосундагы кан тамырлардын аномалдуу өнүгүүсүнөн улам келип чыгат.

Адатта көз торчосундагы кан тамырлардын өнүгүүсү кош бойлуулуктын 16-жумасынан баштап жүрөт. Кош бойлуу учурда бала энеден чектелген өлчөмдө кычкылтек алып, кан тамырлар гармониялуу өнүгөт. Бирок мөөнөтүнөн мурда төрөлгөндө бала башка чөйрөгө өтүп, кан тамырлардын өнүгүүсү бузулушу мүмкүн.

Кыргызстандагы көрсөткүчтөр

600ооруланган учурлар (өткөн жылы)
10%мезгилинен төрөлгөн балдардын үлүшү
Кан тамырлар тезирээк өсүп кетип, торчону кысып коюшу мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу усулдардын келип чыгышына алып келет.
Зарина Бабаджанова, офтальмолог