Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Коочу айылында жаңы мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, долбоор 275 окуучунун ордуна эсептелген.

Долбоордун параметрлери

218млн сом баасы
275окуучунун орду
2 703кв. м аянты

Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат эки блоктон турат. Мектептин инфраструктурасы толук кандуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнү караштырат: окуу кабинеттеринен тышкары, имаратта компьютердик класс, лаборатория, китепкана, тамактануучу жай, акт зал, медициналык кабинет жана эмгек кабинеттери жайгашат.

Объекттеги иштер 2025-жылдын декабрында башталган. Учурда курулушчулар эки кабаттуу имараттын дубалдарын чегерип бүтүштү, азыр чатырды монтаждоо үчүн даярдык көрүлүүдө.