Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жеке мектептерди лицензиялоо процессин жеңилдетүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылууда.

Анын негизинде жеке билим берүү мекемелери үчүн имараттарды кайра багыттоо же реконструкциялоо иштеринде архитектуралык-техникалык корутундун талап кылынышы жоюлат.

Бул сунуш лицензиялоо жараянын ыкчамдатуу аркылуу жеке мектептердин ишмердүүлүгүн камсыздоодо тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.