2026-жылдын июль айында Дүйнөлүк океандын үстүңкү катмарынын орточо температурасы рекорддук жогорку деңгээлге жеткенин европалык климатты көзөмөлдөө кызматы Copernicus билдирди.
Полярдык аймактардан тышкары океандын бетинин температурасы 20,96 градус Цельсийди түзгөн. Бул ошол ай үчүн мурда катталган эң жогорку көрсөткүч. Мурунку рекорд 2023-жылы 20,89 градус менен катталган болчу.
Ошол эле учурда, Батыш Европада июнь айынан июлга чейинки мезгил байкоо жүргүзүлө баштагандан бери эң ысык болду. Copernicus маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки жай айындагы температура адаттагыдан 2,79 градуска жогору болуп, төрт жыл мурун белгиленген мурунку рекордду жаңырды. Борбордук Европа да ысыктан жабыркап, Австрия жана Словакия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө улуттук температура рекорддору жаңыртылган.
Май жана июнь айларында байкалган кургакчылык июль айында күчөп, Батыш Европанын көпчүлүк бөлүгүндө жаан-чачындын жана топурактын нымдуулугунун адаттан тыш төмөн деңгээли менен коштолду. Франция, Испания, ошондой эле Германиянын жана Улуу Британиянын айрым жерлериндеги кургак аймактарда дарыялардагы суунун деңгээлинин төмөндөшү терс таасирин тийгизди.

