Кыргызстан өз жарандары үчүн чет өлкөлөрдө жумуш табуу багыттарын кеңейтүүгө активдүү аракет кылып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграциялык процесстер жана өнүктүрүү программалары бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каримов "Кабар" агенттигине билдирди.
Министрлик эмгек миграциясынын негизги багыттарынын чектелүү санынан көз карандылыкты азайтуу максатында, жарандарды уюшкан түрдө жумушка орноштуруунун географиясын кеңейтүү жана жаңы эмгек базарларын өздөштүрүү үстүндө туруктуу негизде иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын 2021–2030-жылдарга карата экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, чет өлкөлөрдө жарандарды жумушка орноштуруу географиясын кеңейтүү боюнча Жол картасы иштелип чыгууда. Бул план Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы №139-р буйругу менен бекитилген.
Аталган иштерди ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык координациялык жумушчу топ түзүлгөн.






