Ушул жылдын башынан бери Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (ММК) 500 млн сомдон ашык суммадагы камсыздандыруу компенсацияларын төлөө менен камсыз кылды. Төлөмдөрдүн көлөмү жана алуучулардын саны тууралуу маалыматты «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында «ММК» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков айтып берди.
Ар бир жыл сайын адамдар камсыздандыруунун жакшы экенин көбүрөөк түшүнүп жатышат. Биз дагы калктын камсыздандыруунун артыкчылыктарын түшүнүүсүн каалайбыз
Уюмдун жетекчисинин айтымында, калктын финансылык коргоо инструменттери жөнүндө маалымдуулугу өсүп жатат. Жарандар күнүмдүк жашоодо камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана артыкчылыктарын көбүрөөк түшүнө башташты.










