Кыргызстанда камсыздандыруу рыногунда туруктуу тренддер калыптанды: жарандар үчүн негизги багыттар турак жай мүлкүн жана автотранспортту коргоо бойдон калууда. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунын алкагында «МКК» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков айтып берди.
Мамлекеттик компаниянын жетекчисинин айтымында, өлкөдө 15–16 чамасында жеке камсыздандыруу уюмдары иш алып барат, бирок турак жайды камсыздандыруу сегментинде мамлекеттик түзүм монополияны кармап турат.
Кыймылсыз мүлктү коргоо маселелеринде региондордун тургундары өзгөчө активдүүлүк көрсөтүшүүдө. Бул продуктуга болгон кызыгуунун өсүшү табигый кырсыктардан жана өрттөн келе турган тобокелдиктерди минималдаштыруу зарылчылыгы менен шартталган.
Элдияр Калдарбеков турак жайды мамлекеттик уюм аркылуу камсыздандыруу ушундай кырдаалдар болгон учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алуунун жалгыз мыйзамдуу жолу экенин баса белгиледи.












