Международная организация труда (МОТ) чыгарган жаңы изилдөөдө дүйнөдө жаштар арасында жумушсуздук деңгээли жогорулап жатканы белгиленди.
Баяндамага ылайык, 2025-жылга карата жаштар арасындагы жумушсуздук көрсөткүчү 12,4% га жетет. Бул көрсөткүч экономиканын жай өсүшү жана жаңы жумуш орундарын түзө албаганы менен байланыштуу.
Айрыкча киреше деңгээли жогору өлкөлөрдө жаштар жумушсуздугунун суроо-туурасы көбөйгөнү байкалат.
2023 жылдан 2025-жылга чейин дүйнөнүн 11 субрегионунун 8инде жаштар жумушсуздугу өскөн.
Экономиканын алсырашы, жумуш орундарын аз түзүү, геосаясий чыңалуу жана технологиянын өнүгүшү жаштардын жумушка орношуусунда жаңы кризисти жаратышы мүмкүн.
Административдик, кызмат көрсөтүү, соода, өнөр жай жана айрым техникалык тармактарда жаштар үчүн салттуу жумуш орундары азайган.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жаш калктын көбөйүшүнө карата жетиштүү жумуш орундарын түзүү маселеси чечилбей турат.
Көп жаштар жумушсуз болуп калбоо үчүн расмий эмес сектордо же туруктуу эмес шарттарда иштөөгө аргасыз болууда.
Жаштар арасындагы жумушсуздук жана жумуш орундары








