Борбордук шаардын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасындагы Грузиянын Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Леван Диасамидзе менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Талкуунун негизги темасы Бишкек жана Тбилиси муниципалитеттеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү болду.
Жолугушуу учурунда Айбек Жунушалиев дипломатты кызматка дайындалышы менен куттуктады. Борбордук муниципалитеттин башчысы гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана шаарлар арасындагы достук мамилелерди чыңдоого көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады.
Бишкек мэриясынан билдирилгендей, грузиялык тарап тажрыйба алмашууга кызыкдар. Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына тараптар төмөнкү тармактарды киргизишти:
- шаардык өнүктүрүү
- туризм
- маданият















