Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Айбек Дайырбеков Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Леван Дисамидзе менен жолугушту. Бул тууралуу ведомство тарабынан билдирилди.

26-ноябрь күнү өткөн жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты маданий-гуманитардык тармакта өнүктүрүү келечектерин караштырышты.

Талкуу учурунда маданий алмашууну кеңейтүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Грузия элдеринин ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.