Нарын областынын администрациясы менен «Катар» кайрымдуулук уюму ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул документ социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун жүргүзүүгө, муктаждарга колдоо көрсөтүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган.
Кол коюу аземине толук ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, орун басар Жылдыз Мамбетова, «Катар» фондусунун директору Абдулкадыр Аль-Имам Аль-Башейр жана программалык жетекчи Фирас Аль-Кхасавнех катышты.
Өкмөт өкүлдөрү менен фондтун кызматкерлери келечекте биргеликте иш алып баруунун багыттарын талкуулашып, аймак жамааты үчүн пайдалуу социалдык долбоорлорду кошумча жүзөгө ашыруу маанилүү экендигин белгилешти.


