17-ноябрда Нарын шаарында «Манас» эпосунун күнүнө карата маданий иш-чара болуп өттү. Бул майрам 4-декабрда белгиленет. Маалыматты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин пресс-кызматы билдирди.
Иш-чара К. Мамбеталиева атындагы тарыхый-этнографиялык музейдин галереясында болуп өттү. Аны кыргыз элинин руханий мурасы катары улуттук баалуулуктарды жана эпосту популярдаштыруу максатында «Манас» улуттук театры уюштурду.
Программанын алкагында театрлардын артисттери театрлаштырылган коюуларды, акындардын айтышын, улуттук аспаптарда ойнолгон музыкалык чыгармаларды жана «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү сунушташты.
Иш-чаранын жыйынтыгында «Улуттук дух — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн белгилүү инсандар сыйланды. «Манас» улуттук театрынын директору Нурбек Талантбеков Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыровго жана Нарын облустук башкармалыгынын жетекчиси Эмилбек Жунусалиевге Саякбай Каралаевдин атындагы төш белгилерин тапшырды.
























