Түркиянын Улуу-Памир айылында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бул иш-чараларды Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган.
Иш-чаралардын негизги максаты — чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасы менен маданий жана руханий байланышты чыңдоо, улуттук салттарды, маданий мурастарды жана "Манас" эпосун жайылтуу болуп саналат.
Концерттик программага "Манас" Улуттук театрынын акындары Тынчтык Эсенбай уулу, Чыңгызхан Кожошев, Бакыт Шаршеналиев жана дастанчылар Улукбек Токтоболот уулу, Бермет Калиева, Алтынай Бекболотова катышты. Алар элетти, мекенди, улуттук биримдикти жана ата-бабалардын мурасын түгөй чыгармалар менен жеткирди.








