Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 10-августундагы №280 жарлыгы менен Улуттук статистика комитетиндеги орун басарлардын саны кыскартылат.

Жарлыкка ылайык, комитеттин төрагасынын эки орун басары болот, алардын бири биринчи орун басар болот. Бул өзгөрүү 2020-жылдын 22-сентябрындагы №178 жарлыктагы комитеттин иш тартибинде киргизилди.

Түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн мааниси

Төраганын жоктугунда милдеттерин биринчи орун басары аткарат. Бул кызматтар президент тарабынан төраганын сунушу менен дайындалат.

Нацстаткомдун учурдагы жетекчилиги (11-август 2026)

1төзрага (Кудайбергенов Бактыбек Жапарович)
1биринчи орун басар (Керималиева Назира Керималиевна)
3орун басарлар
1жетекчи аппараты (Алымкулова Эльмира Насипкуловна)

Азыркы учурда комитетте төрт орун басар бар, алардын санын экиге түшүрүү пландалууда. Өзгөрүүлөр расмий жарыялангандан кийин он күн ичинде күчүнө кирет.