Онкологиялык диагноз коюлушу бала үчүн гана эмес, бүтүндөй үй-бүлө үчүн оор эмоционалдык сокку болуп саналат. Ошондуктан психологдун иши дарылоо учурунда баланы коштоп жүргөн ата-энелерге, балдарга жана жакындарына колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Бала балдар онкология бөлүмүнө түшкөндө, ата-энелер жана бала үчүн бул өтө чоң стресс. Бизде ата-энелер жана балдар менен чоң иштер жүргүзүлөт. Улуттук эне менен бала коргоо борборубузда психологиялык реабилитациялоо боюнча эки борбор бар — гематология бөлүмүндө жана балдар онкологиясы менен онкогематология бөлүмүндө.
Айжамал Исамидинова, оорукананын онкопсихологу

Психологиялык реабилитациялоо кабинеттеринде балдар үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Алар китептер, оюнчуктар, сүрөт тартуу жана чоподон жасаган материалдар менен камсыздалган. Бул балдарга оорукана чөйрөсүнөн алаксып, чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Адистер ата-энелер менен да иштешет. Алар өз кооптонууларын, коркунучтарын жана тынчсызданууларын бөлүшө алышат. Психологдун айтымында, ата-эненин эмоционалдык абалы баланын жакшылыгы үчүн өтө маанилүү.