Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык орус драма театры өзүнүн 92-театр сезонун «Жаман балдар» криминалдык комедиясынын премьерасы менен баштамакчы. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Спектаклдин көрсөтүүлөрү 19-сентябрда жана 20-сентябрда саат 19:00дө театрдын чоң сахнасында өтөт.
Жаңы коюлган спектакль Рей жана Майкл Кунинин «Том, Дик жана Гарри» пьесасынын негизинде жаралган. Сюжет боюнча каармандар күтүлбөгөн жана татаал жагдайларга туш болушат. Алар канчалык кырдаалдан чыгууга аракет кылса, ошончолук чаташып кетишет. Спектакль курч юморду, окуялардын динамикалык өнүгүшүн жана комедиялык жагдайларды айкалыштырат.
Режиссёр-коюучу — Александр Панин, сүрөтчү-коюучу — Ангелина Гайер.
Билеттерди театрдын кассасынан же Ticket.kg сайтынан сатып алса болот.


