«Азиягол-СИ» командасы 2026-жылы аялдар арасындагы футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун жеңүүчүсү аталды. Кыргыз футбол союзунун маалыматына ылайык, финалдык матч Бишкектеги Улуттук футбол академиясынын базасында өткөрүлгөн.

Мелдештер май айында башталып, ага жалпы жети команда катышкан. Чейрек финалдык баскычта командалар жуптарга бөлүнгөн. Кубоктун мурунку ээси болгон «Илбирс» футбол клубу мелдештерге жарым финалдык этаптан тарта кошулган.

Турнирге төмөнкү командалар катышты:

9-августта өткөн финалда «Азиягол-СИ» жана «Достук» командалары беттешти. Негизги жана кошумча убакыт 0:0 эсеби менен тең чыгуу менен аяктагандыктан, жеңүүчү пенальти сериясында аныкталды.

Пенальти сериясында «Азиягол-СИ» командасынын футболчулары 5:4 эсебинде жеңишке жетип, 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогун багындырышты.

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Аялдар футболу ассоциациясынын президенти Салтанат Эгембердиева жана ассоциациянын вице-президенти Айдана Оторбаева катышты. Алар жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине татыктуу сыйлыктарды тапшырышты.