Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы жети айында ОСАГО полистери боюнча жарандарга 120 миллион 101 миң сомдон ашык компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлдү. Бул маалыматты Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарыялады.
Уюмдун маалыматына караганда, өткөн жумада гана ОСАГО боюнча төлөнгөн сумма 2 миллион 982 миң сомдон ашты.
Физикалык жактар үчүн базалык ОСАГО полисинин баасы 1680 сомдон башталат. Полисти алуу учурунда электрондук тейлөөнүн мүмкүнчүлүгү бар, бул процедура болжол менен беш мүнөттөн ашпайт.
Полисти төмөнкү банктык тиркемелер аркылуу ыңгайлуу онлайн режиминде алууга болот: «Түндүк», MBANK, MegaPay, Optima жана О!Bank.




