Ош облусунда Ош – Кара-Суу автожолунун 18,69 чакырымдык бөлүгүн жаңылоо иштери уланууда. Бул долбоор эл аралык маанидеги транспорттук каттамдагы кыймылдын интенсивдүүлүгүн жогорулатууга жана оор жүк ташуучу унаалардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий маалыматы боюнча, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө жалпы калыңдыгы 15 сантиметр болгон эки катмар асфальт төшөлөт. Анын астыңкы катмары 9 сантиметр, ал эми үстүнкү катмары 6 сантиметрди түзөт.
- Жолдун эки тарабына туурасы 3 метрден тротуарлар жана веложолдор курулат.
- Долбоордун алкагында төрт көпүрө куруу каралган.
- Үч көпүрө толугу менен бүткөрүлүп, төртүнчүсүндө курулуш иштери уланууда.
Курулуштун көрсөткүчтөрү
Учурда объектте 120 бирдик атайын техника жана 150 кызматкер иш алып барууда. Жаңы жол транспорттук өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзөт.












