Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланып жатканын маалымдады.
2026-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге ылайык, Араван районундагы Ноокат–Араван–Тоо-Коргон автоунаа жолунун 9 километрлик бөлүгүнө асфальт-бетон төшөө каралган.
Учурда №44 жол тейлөө ишканасынын адистери асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө иштерин аткарууда. Жумушка атайын жол техникалары жана квалификациялуу жумушчулар тартылып, бардык иш-чаралар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Жол толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенден кийин аймактагы транспорттун коопсуздугу жана жүрүү ыңгайлуулугу кыйла жакшырат. Ошондой эле жергиликтүү тургундар сапаттуу жана заманбап жол инфраструктурасына ээ болушат.

