Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Тешик-Таш» мөмө-жашылча базарынын ишкерлери менен жолугушту. Алар соода түйүнүнүн дагы бир жолу башка локацияга которуу сунушуна каршылык билдиришти. Бул маселе Бирлешкен айылынын тургундарынын арыздарынан кийин күйө түштү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, мурда «Тешик-Таш» базарынын соодагерлери Бирлешкен айылындагы атайын аянтчага которулган. Бирок жергиликтүү калк базарга байланыштуу жол кыймылынын бузулуп, тартипсиздик жаралып жатканынан даттанган. Ушул себептен бийлик соодагерлерди башка жакка которуу маселесин карап жаткан.

Жолугушуу учурунда ишкерлер өз талаптарын мэрге жеткиришти. Жанарбек Акаев соодагерлердин өтүнүчүн угуп, маселени чечүүдө эки тараптын тең маанилүүлүгүн эске алуу зарыл экенин белгиледи.

Учурда шаардык бийлик соода ишмердүүлүгүн токтотпостон, айыл тургундарына ыңгайсыздык жаратпай турган жолдорду издеп жатат. Ошондой эле рыноктун тегерегиндеги транспорттук агымды жөнгө салуу пландалууда.