Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы Алишер Навои көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тургундардын компенсациялар боюнча суроолоруна толук жооп берилди, жолдорду оңдоо, инженердик инфраструктураларды жакшыртуу жана коммуналдык кызматтар боюнча маселелер каралды.

Мындан сырткары, Сулайман-Тоо аймагын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча жүрүп жаткан долбоорлор тууралуу кошумча түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйындын соңунда тургундардын сунуштары жана кемчиликтери эске алынып, көйгөйлөрдү чечүүнүн конкреттүү багыттары белгиленди.

Акаев тиешелүү кызмат жетекчилерине маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.