"Ош" эл аралык аэропортуна бараткан жолдогу инфраструктура комплекстүү модернизациялоодон өтөт. 1,5 км узундуктагы участукта жол чөйрөсүн жаңылоо жана аймакты жакшыртуу иштери жүргүзүлөт.
Шаар мэриясынан билдиргендей, негизги этап совет доорундагы эскирген жарыктандыруу тиректерин заманбап лампаларга алмаштыруу болот. Мындан тышкары, долбоор бөлүнгөн жашыл тилкени да камтыйт.
"Ремонт иштери жүргүзүлгөндүгүгө байланыштуу аэропорт тараптуу жол участугу убактылуу жабылат, ал эми карама-каршы тарапта эки тараптуу кыймыл уюштурулат"
Иштердин алкагында бөлүнгөн тилкеде топуракты жаңылоо пландалууда. Учурдагы дарактар убактылуу атайын питомникке көчүрүлөт, ал эми алардын ордуна көп жылдык жасалгалык бадалдар отургузулат. Ландшафты сактоо үчүн автоматташтырылган сугаруу системасы монтаждалат.







