"Бишкекжашылдандыруу" муниципалдык ишканасы Аалы Токомбаев проспектисинин Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иштер Бишкек шаарын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө даярдоо алкагында жүргүзүлүүдө. Жаңы отургузулган бак-дарактардын сапаттуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн, мэр Айбек Жунушалиев жооптуу кызматтарга өзгөчө көңүл буруп, аларды өз убагында жана үзгүлтүксүз сугарууну тапшырды.

Даярдык иштеринин алкагында жолдун ортосундагы тилкенин деңгээли төмөндөтүлүп, заманбап сугат тутуму орнотулган. Бул тутум жашыл аймактарды керектүү сугат менен камсыз кылат.

Жашылдандыруу иштери