Ош шаарында калктын ден соолугун коргоо багытында санитардык көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу мэрияда Координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Комиссиянын жыйынтыгы боюнча коомдук тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык талаптар тымызын текшерилип, катуу кароол орнотулат. Мындай чаралар калктын ден соолугуна болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын бийлик органдары бул багыттагы контроль иштерин күчөтүп, коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүндө санитардык-эпидемиологиялык талаптардын так сакталуусуна өзгөчө көңүл бурууда.











